Жалал-Абадда “Биз жаратылышты сактайбыз” акциясы өттү
Новость

Жалал-Абад шаарында “Биз жаратылышты сактайбыз” деген аталыштагы акция болуп өттү. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын студенттери, жаратылыштын булгануусуна кайдыгер карабаган активисттер жана айлана-чөйрөнү коргоочулар катышты. 

Акциянын катышуучулары калаанын коомдук жайларындагы, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жаткан турмуш-тиричилик калдыктарын тазалашты. Андан сырткары, "Жеңиш" эс алуу багындагы таштандылар тазаланып, чынар теректердин көчөттөрү отургузулду. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык ар бир жарандын экологиялык билимин жогорулатууну көздөйт.

“Акцияга чыкканыбыздын себеби, биринчиден, өзүбүздүн кесибибиз менен байланышат. Экинчиден, башкаларды коомду таза кармагыла деп чакырууга чыктык. Азыр биз коомдук жайларды тазаладык. Ар бирибиз ушундай үлгү көрсөтсөк жаш балдарга жана чоң адамдарга жакшы таасир болот деп ойлом. Мындан улам коом таза болот”,- дейт студент Таттыбүбү Калыбекова. 

“Бул өтүп жаткан иш-чара президент жарыялаган “Ыйман,адеп жана маданият”жылына багытталат. Ал эми акциянын башкы милдети, жаратылышты коргоо жана экологияны тең салмакта кармоо болуп саналат”,- деп билдирди Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эрмеков.