Бишкекти жашылдандыруу акциясы жүрүүдө
Новость

«Жарайт сити» долбоорунун түзүүчүлөрү жана “Азия микс” шайыр тапкычтар тобу биргеликте “Мен бишкектикмин” аттуу акцияны жүргүзүүдө. 

Ростислав Ященконун инстаграмдагы баракчасына жарыяланган видеотасма борбор калааны жашылдандырууга үндөйт.

POST1RIGHT

“Шаарыбызда жарым миллиондон ашуун адам жашайт. Бир киши жок эле дегенде бирден дарак отургузса Бишкекке КМШ өлкөлөрүндөгү эң жашыл шаар деген макамын кайтарып беребиз” - дейт шайыр тапкычтар. 

Алар мындай саамалыкты улантуу максатында кезекти Кыргызстандагы уюлдук компанияларга, банк өкүлдөрүнө жана бир катар таанымал адамдарга узатышты.