Апрель айында аба ырайынын туруксуз болушу күтүлүүдө
Новость www

POST1RIGHT

Буга байланыштуу жаздын келиши 10 күнгө кечигип жатат. Мындай көрүнүш 2015 –жылы катталган. Ошол жылдары жаз 10-15 күнгө кеч келген. Апрель айындагы туруксуз аба ырайынан улам кар аралаш жаан жаап, айрым аймактарда суу каптоо күтүлүүдө. Ошондой эле күн сууктап үшүк жүрөт.  

Мындай жаанчыл  аба ырайынын сакталышы талаанын  чыла болушун шарттайт. Буга байланыштуу дыйкандардын айдап себүү иштери басаңдап, техниканын иштөөсүнө тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Бирок эксперт Жамин Акималиевдин баамында, жазда жаан жаап калды деп дыйкандар кол кушуруп калбастан талаа жумуштарын жүргүзө бериши керек. Себеби жаздын  жаанчыл болгону деле дурус. Аба ырайынын  мындай өзгөчө жаанчыл болгону кайрак жерлерге пайдалуу болуп түшүм мол болот дейт академик Жамин Акималиев. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"