Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Анда өзгөчө кырдаалдарды алдын- алуу, жазга даярдык жана аймактарды жашылдандыруу боюнча маселелер каралды.
Премьер аймактарда ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузууну тапшырды. Бирок, жыл сайын отургулузган көчөттөр жакшы каралбай жатканын белгилеп, тигилген көчөттөргө жакшы кам көрүп, өз убагында сугарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты. Бул иштерди аткаруу үчүн бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтерде техникалар жетиштүү.
Жыйын соңунда облус башчыларына кооптуу кырдаалдардын алдын-алуу иштерин күчөтүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү - түнү нөөмөт уюштуруу тапшырмасы берилди.