Төрт-Гүл суу сактагычы медициналык калдыктар менен булганууда
Новость

Баткен шаарынын аймагындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын жээги медициналык калдыктарга толуп, булганууда. Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери мындай таштандылар аймакта жашаган калктын саламаттыгына олуттуу зыян алып келээрин эскертүүдө. 

Анткени, медицинада колдонулган ийнеде жугуштуу ооруу таратуучу вирустар болушу мүмкүн. Төрт-Гүл суу сактагычындагы суунун көлөмү жыл ичинде 90 миллион кубка чейин жетет. Мындан Баткен районунун миңдеген гектар айдоо жерлерине сугат суу катары пайдаланылат. Айрым айылдардын жашоочулары бул сууну ичүүчү суу катары пайдаланып жүрүшөт. 

Көлгө суу куя турган каналдын жээгинде айылдар жайгашкан. Адистердин айтымында, бул медициналык калдыктарды ошол канал жээгиндеги айыл тургундары ыргытышы мүмкүн.

“Учурда көлдүн жээгиндеги медициналык калдыктар албетте адамдардын өмүрүнө зыян келтирет. Себеби көлдө, сууда сакталуучу вирустар бар. Сууда жүрүүчү бактериялар бар. Булар көлгө түшүү сезону башталганда зыяндуу”,- дейт Баткен райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Авазбек Исираев.

“Биз чындыгында Төрт-Гүл суу сактагычынын эксплуатациялык жагын карап турабыз. Жылына сезон мезгилде кызматкерлер менен биргеликте шартыбызга жараша тазалыгын көзөмөлдөйбүз. Ташталган таштандыны анализ кылуу өтө кыйын. Себеби, 19 чакырым каналды, 20 чакырымдан ашуун дарыянын чөйрөсүн караганга жетишпейбиз”, - деп билдирди Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматов.