"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 13-мартта Саляновага айыбы угузулуп, тиешелүү чечим кабыл алынганын Коопсуздук комитети билдирди.
Жогорку Кеңеш депутаты, мурунку баш прокурор Аида Саляновага Юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок, Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, мындай айыпты четке кагып келет.