Борбор калааны жашылдандыруу иштерине даярдык күч
Новость

Бишкекти көрккө бөлөгөн "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын гүл өстүргөн жайлары оңдоп-түзөөдөн өтүп, колдонууга берилди. Шаар мэри жаңыланган күнөсканалардын абалы менен таанышып, кандай иштер жүргүзүлүп жатканынан кабар алды. Күнөсканаларды жаңылоо иштери аяктап калды. Бул жерде миңдеген гүлдүн түрлөрү багылат. Ар бир түп гүл атайын идиште өстүрүлүп, көп эмгекти талап кылат. Ал эми гүлдүн уруктары болсо АКШ, Голландия жана Чехиядан алынган. Теплицадан баш көтөргөн гүлдөр апрель айынын ортосунан кийин шаар ичиндеги гүл аянттарна көчүрүлө баштайт. 

Иштен майнап чыгыш үчүн биринчи кезекте шарт түзүлүшү керек. Ремонт иштерине шаар казынасынан 9 миллион сом каралган. 40 жылдан бери каралбай калган чарба багытындагы жайлар азыркы замандын талабына жараша жасалган.  Шаар мэри гүл өстүрүлчү жайларды кыдырып чыкты. Бишкекти гүлгө толтурган жайлардын жаңыланышы аркылуу миллиондогон сом үнөмдөлөт. Буга чейин отун-суусуна деп отуруп көп чыгым сарпталчу. 

Замандын талабына шайкеш келген теплицаларды, муниципалдык ишкана тынымсыз иштетүүгө бел байлап жатат. Анткени буга чейин гүлдөрдү өстүрүүгө 4 ай кетип, калган учурда бош иштетилбей турчу. Жазгы майрамдар үчүн 120 миң даана жоогазын тигилет. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп. Жалпысанан гүлдүн 24 түрүнөн шаар көчөлөрүнө отургузуу мерчемделди.