Жеке тараптарга өтүп кеткен сейил бактарынын абалы
Новость foto: ktrk.kg

Бир кезде жашыл шаар деп таанылган Бишкек азыр андай эмес. Жашыл аймак делген эс алуу жайлары четинен кертилип жок болууда. Маселен, Кара-Жыгач сейил багы 215 гектар болсо, анын 70 гектардан ашуун жери менчикке сатылып кеткен.

Жашыл аймактардын ордун жеке жана көп кабаттуу үйлөр, кафе-ресторан же базарлардын ээлеп калышы капчыктуулардын гана колунан келет. Мына ушундай эле максат менен жакында Фучик паркында 20дан ашуун дарак кыйылып, көпчүлүк кызуу талкууга алган эле. 

Эскерте кетсек, бул эс алуу жайдын 1 гектардан ашуун жери Абдулдабеков аттуу жаранга соттун чечими менен өткөн.
Борбордогу эс алуу жайлардын канчасы жеке тараптарга өткөнү тууралуу так маалымат жок. Такыр болбой калгандан көрө, кеч болсо да коргоп калуу башкы максат. 

Дарактар кыйылып анын ордуна курулуштар жүрүп жатканы баарыбызга белгилүү. Борбордогу эс алуу жайлардын абалы кандай?