Токойлордун кыйылышына бөгөт коюу зарыл
Новость

Республика боюнча токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди. 

Биринчи вице-премьер-министр тармактагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге да токтолуп, климаттык өзгөрүүнү эске алуу менен экология маселесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Токой дарактарын жыл өткөн сайын көбөйтүп, алардын экологияга тийгизген таасири менен катар, экономикага кошкон салымын да көтөрүшүбүз керек»,- деди Абулгазиев.

2016-жылы 2500 түптөн ашык дарак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 миллион сомдой зыян келтирилген. Аны менен катар 13 миң куб дарак пландуу кыйылган. Республика боюнча 2582 гектар жерге жаңы көчөттөр отургузулду.