Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча саммит өтөт
Новость

Быйыл Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча саммит өтөт. Бул тууралуу ак илбирсти сактоо боюнча саммиттин уюштуруу комитетинин жыйынында кеңири талкууланды. 

Жыйынга Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев төрагалык кылды. 

Алдыда боло турган иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү максатында, Өкмөт улуттук деңгээлде концепциянын алгачкы вариантын иштеп чыкты. 

Жыйында Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга уюштуруу иштерин убагында өткөрүүнү тапшырды. 

Даярдык иштери тууралуу кийинки жыйын февраль айынын башында өткөрүлөт.