Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактылары аныкталганын билдирди.
УКМК бүгүн тараткан маалыматка караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди уланта тургандыгын билдирет жана жарандарды мындай фактылар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн УКМКга жигердүү билдирүүгө чакырат.