Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн видео-байланыш режиминде эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы "Тожварон" (Лахш р.) – "Карамык" (Ош облусу, Чоң-Алай р.) көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышты.
Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти. Баяндаманы уккандан кийин Президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин баштоо боюнча тескеме берип, андан соң кыргыз тарапта шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан кийин Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пунктунун ишин кайра жандандыруу боюнча буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.