УКМК 5-июлда Бишкек шаарындагы жаштарды салттуу эмес жамааттарга (ЛГБТ) тартуу жолу менен коомчулукту бузукулукка багыттаган, ошондой эле баңги каражаттарды колдонууга шарт түзгөн түнкү клубдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Комбинат Плюр", "Катс" жана "Нокс" аттуу түнкү клубдарында текшерүү иш-чараларын жүргүздү.
Натыйжада "Катс" жана "Комбинат Плюр" түнкү клубдарынын ишмердүүлүгү коомчулукка ЛГБТ деп аталган адамдарды тартуу жана баңги заттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер ж.б. "дарыкана наркозу" табылды. Мындан улам, аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды.
"Нокс" түнкү клубунда дааратканадан ак күкүм (порошоктон) турган пакеттер табылып, клубдун ээсине жана администраторуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Табылган психотроптук жана баңги заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында аталган түнкү клубдардын ээлерине жана администраторлоруна карата алардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Белгилей кетсек, сойкулук үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде түнкү клубдарда салттуу эмес сойкулук кылуу, кылмыш жоопкерчилигине алып келе турган «сойкуканаларды» уюштурууга барабар.
Мындан тышкары, түнкү клубдардын ээлеринин салттуу эмес сексуалдык ориентацияларды жайылтуу үчүн аянтчаны камсыз кылган аракеттери өлкөнүн көпчүлүк калкынын массалык нааразычылыгын жаратып, андан ары массалык башаламандыкка айланып кетүүсү мүмкүн.