Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Чүй облусундагы жол куруу жана оңдоо иштерине арналган кеңешме өттү.
Жыйынга транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, шаар мэрлери жана район акимдери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө облустагы жолдордун абалы, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери жана жергиликтүү деңгээлдеги негизги көйгөйлөр талкууланды.
Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев быйыл куруу жана оңдоо пландалган жолдордун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашарын билдирди. Кеңешме учурунда кошумча сунуштар жана көйгөйлөр да айтылды.
Жыйында аймактар боюнча асфальттоо зарылдыгы төмөнкүдөй белгиленди:
• Москов району — 103 км
• Жайыл району — 186 км
• Аламүдүн району — 186 км
• Кемин району — 134 км
• Панфилов району — 145 км
• Чүй району — 9,2 км
• Сокулук району — 292 км
• Кара-Балта шаары — 11,3 км
• Токмок шаары — 30 км
• Ысык-Ата району — 135 км
• Кант шаары — 9 км
Сокулук районунда жолдордун абалы, көчөлөрдү жарыктандыруу жана санитардык тазалык маселелери көтөрүлдү. Район жетекчилиги бул багыттагы иштер пландалган график менен жүрүп жатканын жана кошумча колдоонун жардамы менен көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралып жатканын билдирди. Ал эми Ысык-Ата районунун өкүлдөрү Такыр-Төр көлүнүн улам келип чыккан селден кийинки оңдоо иштери тууралуу жана Сары-Жон айылындагы авариялык көпүрөлөр тууралуу маалымат беришти. Райондо жалпы сегиз көпүрө оңдоого муктаж. Айрыкча Сары-Жондогу көпүрөнүн начар абалы дыйкандарга жана айыл чарба техникаларына олуттуу тоскоолдук жаратууда. Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жетекчилер шаар ичиндеги жана райондогу көптөн бери оңдоло элек жолдор тууралуу маселе көтөрүштү.
Кеңешменин соңунда министр Абсаттар Сыргабаев айтылган сунуштардын баары протоколго катталып, жооптуу жетекчилерге так тапшырмалар берилгенин билдирди.
2025-жылы Чүй облусунда жалпы 300,4 чакырым жол куруу пландалган. Анын ичинен 259 чакырымы капиталдык салымдар беренеси боюнча, калган 41 чакырымы титулдук тизмеге ылайык аткарылмакчы.