Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Беларуска иш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Беларуска иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 26-27-июнунда Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы биринчи күнү БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Евразия экономикалык форумуна катышты. Андан кийин ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери беларусь техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.

Экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин Мамлекет башчылары - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттер – Өзбекстан Республикасынын, Куба Республикасынын жана чакырылган коноктор – Монголия, БАЭ башчылары катышты.

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Беларусь Республикасына болгон иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 27-июнда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.