Жаңылыктар
Жалал-Абадда жума сайын 30 миң сом талап кылган милиция жетекчилери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда жума сайын 30 миң сом талап кылган милиция жетекчилери кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги системалуу түрдө пара чогултуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын полковниги кызматтык абалынан пайдаланып, коомдук тартипти бузган жарандардан жана жол эрежелерин бузган айдоочулардан акча өндүрүүнү адатка айланткан. Ал өзүнүн карамагындагы взвод командирлерин жумасына 20-30 миң сом өлчөмүндө акча алып келүүгө мажбурлап, "кызматыңардан алынасыңар" деген кысым көрсөтүп турган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

2025-жылдын 23-июнунда жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында шектүү менен чогуу ага лейтенант, кенже лейтенант жана прапорщик кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.