2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгында Нарын облусунан эки бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) эң жогорку упайларды алып, “Алтын сертификатка” татыктуу болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги жарыялаган маалыматта айтылат.
Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр:
- Акмарал Азаматова – Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү, 232 упай;
- Эмир Азамат – Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү, 228 упай.
Өлкө боюнча быйыл жалпысынан 54 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болсо, алардын экөөсү Теңир-Тоодон чыкканы кубантарлык көрүнүш.
Мындан сырткары, Нарын облусунан дагы төрт бүтүрүүчү 200дөн жогору балл алып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү:
- Актан Тойчубеков – Т. Турсунбаева атындагы орто мектеп, Жумгал району – 218 балл;
- Ардак Абдырасулов – М. Субакожоев атындагы лицей, Нарын шаары – 217 балл;
- Мырза Болотбеков – Н. Жүндүбаева атындагы орто мектеп, Кочкор району – 217 балл;
- Медина Сыдыкбаева – В. Чкалов атындагы №2 орто мектеп, Нарын шаары – 217 балл.
Белгилей кетсек, быйыл Нарын облусунда жалпысынан 3 миң 31 бүтүрүүчү ЖРТге катышкан.