Кыргызстанда жазгы талаа иштери жыйынтыкталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл жалпысынан 657 миң гектар жерде айдоо иштери жүрдү. Дыйкандар негизинен буудай, арпа жана жүгөрү айдады. Ошондой эле картошка, кант кызылчасы, дарбыз, коон, күн карама жана башкалар эгилди.
Быйыл өзгөчө көңүл заманбап технологияларга жана агротехникалык ыкмаларга бурулду.