Ат-Башы районунун Арпа жана Ак-Сай өрөөндөрүндө жайдын күнү жаап жаткан карга байланышкан жагдай өзгөрүүсүз бойдон. Бул тууралуу Нарын облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Бүгүн саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, аталган аймактарда аба ырайы суук болуп, кар жаап жатат. Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолу ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
ӨКМ маалыматына ылайык, 1500дөй мал жол жээгине айдалып түшүрүлгөн. Жергиликтүү бийлик жана малчылар тоют жеткирүү иштерин уюштурушту. Арпа өрөөнүндө кардын калыңдыгы 15–20 см, ал эми Ак-Сай жана Кында ашуусунда 15 смге чейин жеткен. Учурдагы абал толук көзөмөлдө, тиешелүү кызматтар кырдаалга байкоо салып жатышат.
Ат-Башы районунун акиминин орун басары Максат Кадыркулов дагы кырдаал туруктуу экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, малчылар менен үзгүлтүксүз байланыш бар, тоют жеткирүү иштери улантылып жатат. Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү тарабынан техника жана күйүүчү май жагынан жардам көрсөтүлүүдө.
"31-майдан бери жааган кар бир эрип, кайра жаап жатат. Арпада кар 10–15 см, Торугартта 20–25 смге чейин жетти. Бул аймактарда Казыбек айыл өкмөтүнөн 32, Кара-Суу айыл өкмөтүнөн 19 малчы бар. Негизинен малдан жоготуу катталган жок. Болгону чабыр кой-козулардан аз өлүм катталды. Малдар жолго жакын аймактарга айдалып түшүрүлдү, тоют жеткирилүүдө. Малчылардан адашкандар же жол таппай калгандар болгон жок", – деди Максат Кадыркулов.