Баткен шаарында айдоочулук күбөлүгү жок окуучулар автоунаа башкарып, кармалгандан кийин унаалары айып короого токтотулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, соңку коңгуроо иш-чарасынын алкагында айрым окуучулар атайын үн жарык сигналдарын коюп, мектепке мыйзамсыз унаа айдап келген. Алар кармалып, тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Милиция бул көрүнүшкө каршы алдын алуу иштерин күчөтүп, жашы жете электерге унаа башкарууга тыюу салынарын жана мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн эскертти.