Жаңылыктар
Ош шаардык казыятынын кызматкерлери системалуу түрдө акча чогултуп келишкен
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык казыятынын кызматкерлери системалуу түрдө акча чогултуп келишкен

Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келишкен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Казыяттын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгындагы бул аракеттер өз кезегинде казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылыктарды пайда кылган.

Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгына арыз жазылган. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 209 беренесинин 2 жана 4-пунктары боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын натыйжасында, алынган маалыматтар тастыкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын төрт кызматкердин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында акча чогултуу боюнча фактылар аныкталып, эки кызматкер соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.  

УКМК диний ишмерлерди жана муфтият, казыят мекемелеринин кызматкерлерин өлкөдөгү мусулман коомчулугунда ич ара бөлүнүп жарылууну жана нараазычылыктарды пайда кылуучу мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөнү, салттуу Ислам динине каршы чакырыктарга кайдыгерлик кылбоону эскертет.