Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев Ат-Башыдагы тоют базасында болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев Ат-Башыдагы тоют базасында болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев райондун  Казыбек айыл өкмөтүндөгү “Ат-Башы Кенч” тоют базасында болду. Анда "Ат-Башы Кенч" айыл чарба коммерциялык кооперативинин башчысы Эрмек Бактыгуловдун тоют базанын иши жана келечек максаттары тууралуу маалыматын угуп, кеңейтүү зарылдыгына токтолду.

Аталган кооператив Дүйнөлүк айыл чарба фондунун каржылоосу менен АРИС аркылуу 6 миллион 340 миң 224 сомду түзгөн техникалык тоют базасын  уюшурган. Буга чейин 300 тонна тоютту дарылап, тазалап жана сорттоп саткан. Алынган жабдык бир саатта бир тонна үрөндү тазалап жана дарылап, 8 түргө сорттоп берүү кубаттуулугуна ээ.

Ошондой эле кооператив Ага Хан фондусунун MSDSP долбоору менен типтүү мал бордоочу сарай курган. Өткөн жылы БУУнун "Климаттын өзгөрүшүнө багытталган камсыздандыруу" долбоору аркылуу район боюнча жалпы 136 миң килограмм арпа тоютун айылдагы муктаж жарандарга акысыз таратып берген.

Бүгүнкү күндө кооперативдин карамагында Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан ижарага алган 83.50 гектар жери бар. Ижара акысы үчүн өткөн жылы жергиликтүү казынага 238 миң сом чегерген. Ал эми быйыл кошумча 16 гектар жер аянтын ижарага алууну жана мал баккан сарайын кеңейтүүнү мерчемдөөдө.

Мындан тышкары тоют базаны чыңдоо үчүн техникалык шаймандарды алуу, "Турумкул" участкасында жайгашкан 45.50 гектар ижарага алынган жер аянтына суу чыгаруу, эт багытындагы асыл тукум уй чарбасы үчүн сарай жана чыктуу тоют базасын уюштурууга берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү пландары бар.