Жаңылыктар
Нарын облусунда малды жасалма уруктандырууга старт берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунда малды жасалма уруктандырууга старт берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Ал эки күн бою облустагы курулуш жана өнөр жай тармагындагы ишканалардын иши менен таанышып “жакшы” деген баасын берди.

Ал өз кезегинде өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, бардык облустарда кыдыруулар уюштурулуп жатканын белгилеп, мамлекеттин негизги саясаты өндүргөн азыкты чийки зат түрүндө сатпастан, кайра иштетүү менен товар катары рынокко чыгаруу башкы максат экенине токтолду.

“Кыргызстанда 106 суу сактагыч курууну пландасак, анын бири Жумгал районундагы Түгөл-Суу БСРин куруу. Бул курулушту быйыл бүтүрөбүз. Ошондой эле быйыл 128 өнөр жай ишканаларын ачуу планын койгонбуз. Бул багытта Жумгалда минералдык суу, чалап, сүттү кайра иштетүүчү, темир-бетон чыгаруучу ишканаларды, Нарын шаарында жүндү иштетүүчү, тоок фермасын, Ат-Башыдан тоют базасын көрүп чыктым. Биздин негизги саясатыбыз продукцияны чийки зат түрүндө сатпастан кайра иштетип товар катары рынокко чыгаруу аракеттерибиз бар. Ат-Башыда чычырканак, карагат талаасын уюштуруу боюнча пилоттук долбоордун башталышы жакшы. Муну менен атбашылыктар пайдаланылбаган кунарсыз жерлерди дагы өздөштүрүп, тоолуу региондо дагы чычырканак, карагат өстүрсө болот деген демилге көтөрүштү. Ар бир аянт, кайрак жер, жайыт болобу бардыгы иштетилип, элдин киреше булагы көбөйүшү керек.

Биз бул сапар алкагында Нарын облусунда жасалма уруктандырууга старт берип, 20 миң уйду жасалма уруктандыруу планын койдук. Себеби, бул багытта Нарын облусу артта эле. Биз малдын асылдуулугун жогорулатуу менен сандан сапатка өтүп, малдын этинин, сүтүнүн дагы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатышыбыз керек.

Негизинен Нарын облусундагы эки күндүк иш сапарыбыз жакшы жыйынтыкталды. Кемчиликтерди дагы көрдүк, жетишкендиктерди дагы көрдүк. Менин кубанганым Ат-Башы районунда эл мал менен эле оокат кылбастан, мөмөлүү өсүмдүктөрдү өстүрүү менен багбанчылыкты колго алганын “жакшы” деп баалап жатабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.