Жаңылыктар
Бишкекте «Ишкерлер үчүн жаңы горизонттор: өнүгүү жана каржылоо» деп аталган бизнес-форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте «Ишкерлер үчүн жаңы горизонттор: өнүгүү жана каржылоо» деп аталган бизнес-форум өттү

Экспорттук насыялар жана чакан бизнес үчүн камсыздандыруу: Элдик Банк, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана "Дордой - камсыздандыруу" ортосунда үч тараптуу маанилүү өнөктөштүктөр бекитилди.

Бишкекте өткөн «Ишкерлер үчүн жаңы горизонттор: өнүгүү жана каржылоо» бизнес-форуму Кыргызстандын бизнес чөйрөсү жана каржы сектору үчүн маанилүү окуялардын бири болду. Иш-чара Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен «Элдик Банк» ААК, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК жана «Дордой- камсыздандыруу» ЖАК демилгеси менен уюштурулду.
 
 Форумдун алкагында бизнес чөйрөсүнүн жана каржы институттарынын ортосунда маанилүү келишимдерге кол коюлду:
 
 - «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК менен «Элдик Банк» ААК ортосунда —  экспорттук жана импорттук насыяларды камсыздандыруу, соода операцияларын коштоп камсыздандыруу боюнча кызматташтык тууралуу келишим. Бул келишим Элдик Банк тарабынан берилүүчү каржылык каражаттардын коопсуздугун жогорулатуу менен  ишкерлерге тышкы рынокко ишенимдүү чыгууга өбөлгө түзөт;
 
  - «Элдик Банк» ААК менен «Дордой-камсыздандыруу» ЖАК ортосунда — чакан жана  орто бизнести камсыздандыруу продуктыларын биргелешип иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча кызматташтык тууралуу келишим. Аталган документтин негизинде тараптар КМШ жана ички рынокто чакан ишкердик субъектилери үчүн жеткиликтүү, эффективдүү камсыздандыруу инструменттерин иштеп чыгышат.
 
 Бул өнөктөштүктөр Кыргыз Республикасында соода жана өндүрүш чөйрөсүнүн тобокелдиктерин кыскартууга, ишкерлердин каржылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жалпы экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
 
 Форумдун негизги темалары:

 - Бизнес үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгү жана инновациялык инструменттер;
 - Экспорттук-импорттук операцияларды камсыздандыруу механизмдери;
 - Логистика жана регионалдык соода интеграциясы;
 - D.Business платформасынын бет ачары — ишкерлерди колдоо жана бириктирүүчү жаңы санарип мейкиндик.
 
 Форумда негизги баяндамачылар катары Эльдияр Калдарбеков (МКУ), Акылбек Турдалиев (Элдик Банк), жана Бакай Акматов («Дордой-камсыздандыруу») чыгып, өз мекемелеринин жаңы өнөктөштүктөрү жана каржылык-кепилдик продуктылары боюнча маалымат беришти.
 
 Форум жыйынтыгында тараптар ортосунда кол коюлган келишимдер, бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн жаңы байланыштар жана жаңы платформалар аркылуу ишкердикти өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталды.