Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуунун максаты шектүү же айыпталуучу каза болгондо же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси боюнча ченемдерди конкреттештирүү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү башка түзөтүүлөрдү киргизүү болуп саналат.
Ошентип, Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
- шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү (прокурор жана тергөө органдары);
- тергөө органына алып келген учурда тергөөчү тарабынан шектүүнү кармоо жөнүндө токтом түзүү;
- бошогондо шектүүгө же айыпталуучуга ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берүү;
- финансылык полиция органы жоюлгандыгына байланыштуу аны чыгаруу;
- “жашы жетпегендер” деген сөздү “балдар” деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштыруу; “соттолуучулар” кылмыш-жаза-укуктук мамилелердин субъектинин статусун жоготкондугуна байланыштуу алар жөнүндө ченемдик эскертүүнү алып салуу.