Жаңылыктар
Айтматов районуна 950 га жүгөрү себилет
Кыргызстан жаңылыктары
Айтматов районуна 950 га жүгөрү себилет

Быйыл Айтматов районунда 950 гектар жерге жүгөрү себилет. Бул демилге аймактагы мал чарбачылыгы үчүн сапаттуу тоют базасын түзүүгө багытталган. 

Жүгөрүдөн чыктуу тоют даярдалып, фермерлердин малды кышкы тоют менен камсыздоосунда чоң роль ойнойт. Райондо учурда жүгөрүнүн 30% себилип калды.

Аймакта жылдан-жылга жүгөрүнүн аянты кеңейип жатат. Айтматов районунда жалпы 38 миң гектар айдоо аянты, 25 миң 836 гектар сугат жер бар. Анын ичинен 4700 гектарга дан эгиндери, 22 миң гектар аянтына төө буурчак эгилет.