Жаңылыктар
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер тегиздөө иштери апрелде башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер тегиздөө иштери апрелде башталат

Быйыл апрель айында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер тегиздөө иштери башталарын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

“Биз келе турган техникалардын тизмесин карап чыктык. Жакында 3,5 миңден ашуун техника алып келинет. Аларды иштетүү үчүн кошумча жумуш орундары түзүлөт. Азыр адистерди  даярдап жатабыз”, - деди Төрөбаев.

Министрлер кабинеттинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Балыкчы – Кочкор тилкесинин учурда 38 чакырымы салынып бүттү. 2026-жылы Кочкор районуна чейинки иштер толугу менен аяктайт.