Ысык-Көл өрөөнүндө карышкыр менен чөөлөр күч алып, Улахол айыл аймагынын тургундары жергиликтүү укук коргоо кызматкерлерине жырткычтарды жок кылып берүүнү өтүнүп кайрылган. Мындан улам жырткычтарга каршы мергенчилердин жана балыкчылардын облустук коомдук бирикемесинин 72 мүчөсү аңчылыкка чыгып, 6 чөө аткан.
Ысык-Көлдө жалпы 1000ге жакын мергенчи жана 500дөй балык сүйүүчүлөр бар. 1993-жылдан бери облустагы мергенчилер менен балыкчылар коомдук бирикмеси өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал бирикменин кесипкөй аңчылары жылына 200 – 300дөй чөө, 5 миңден 6 миңге чейинки жолбун иттерди, 60ка чейин карышкырды атып жок кылышат. Алар буга чейин Ак-Суу районундагы 12 бодо мал, 90 баш койго кол салган 31 чөөнү жана 23 карышкырды атып жок кылышкан.
Азыркы тапта облус аймагындагы жырткыч жаныбарлардын санын азайтуу менен кызыл китепке катталган жаныбарлардын санын көбөйтүү мерчемделүүдө.
Мамлекет тарабынан мергенчилерге бир карышкырга 6000, чөөгө 2000 сый акы берилет.