Ага карата Бишкек шаарында атайын конференция уюштуруларын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыйында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өтүшү, анда колдонулган жабдуулар тууралуу кеңири маалыматтар берилип, шайлоо ситсемасын өркүндөтүү аракеттери талкууланат.
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн белгилөө чечими 2005-жылы Венгриянын борбор шаары Будапештте Шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жыйынында кабыл алынган. Ошондон бери февраль айынын биринчи бейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү белгиленип келүүдө.