Жаңылыктар
Нарында айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтө баштады

Өткөн жекшембиде Нарын облусунун бардык райондорунда айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөр түрдүү эт, сүт азыктарын, жер-жемиштерин, жашылчаларын жана башка товарлардын кеңири түрүн саттыкка коюшту. Жарманке азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди колдоо максатында уюштурулган.


Нарын району уюшутурган жарманке Нарын шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага райондун жети айыл өкмөтүнүн дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн азыктарын алып келишти. Алсак, өндүрүүчүлөр сары майдын бир килограммые 900-1100, жылкы этин 530, сабизди  45, картошканы 50, кызылчаны 60, жумуртканы 10, сүттүн бир литрин 50, туздалган сүзмөнүн килограммын 200 сомдон сатыкка коюшту. Ал эми 1-2 репродукциядагы арпанын үрөнү килограммы 25-30, сафлор 35, буудай 35, эспарцеттин үрөнү 150 сомдон болду. Мындан тышкарын нан азыктары да сатылды.

Жарманкеге келген Нарын шаарынын тургуну Алмагүл Чыпаева азык-түлүктөр базар баасында эле сатылды деген пикирин билдирип, сүттүн литрин 50 сомдон сатып алганын айтты: “Жарманке болот деп угуп келгенбиз. Баалар базардагыдай эле экен, жарамнке базардан арзан болушу керек эле. Маселен картошка, сүт  деле базарда 50 сом, сары май базарда 800-900 сом болсо бул жакта 1100 экен. Базарга караганда арзан болот деп келсек андай эмес экен. Негизи базар бааларын деле көзөмөлгө алышса”.


Ал эми калаанын дагы бир тургуну Ниязалы Бекиев жарманкеде азык-түлүк  баалары арзан болгонун айран, сүт сатып алганын билдирип, картошканын баасы өлкө боюнча жогорулап жатканын кошумчалады.

Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, жарманке МинКабдын тапшырмасына ылайык, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында уюштурулганын белгиледи. Акимдин айтымында, жарманке эми ар жума сайын өткөрүлүп, баалар көзөмөлгө алынат жана базар баасынан арзан болот.