Суусамыр – Талас - Тараз авто жолунун IV фазасынын - 104,6 -197,6 чакырымын реканструкциялоо долбоору быйыл башталганы турат. Анын алкагында Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун адистери, РАСЕ эл аралык консалтинг компаниясынын инженери жана жергиликтүү ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте Бакай-Ата районунун тургундары менен жолугушту.
Жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда жол салынчу аймактагы курулуштарды, жер тилкелерди иретке келтирүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.