1-февралда башталган жумалык "Өз убагында текшерил – рактан бир кадам алдыда бол!” деген ураан астында өтүп жатат. Ал 4-февралда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда.
Өнөктүктүн алкагында 4-7-февраль күндөрү саламаттык сактоо мекемелеринде жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак оорусу боюнча ачык эшик күндөрү өтөт. Гинеколог, маммолог дарыгерлер жатын моюнчасы менен сүт безине текшерүүлөрдү жүргүзүп, кеп-кеңештерди берет.