Жаңылыктар
Ошто беш баласы менен иске ууланган келиндин бир уулу чарчап калды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто беш баласы менен иске ууланган келиндин бир уулу чарчап калды

Ош шаарында 33 жаштагы келин беш баласы менен (үч кыз, эки уул) иске ууланып, беш жаштагы уулу чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 1-февраль күнү 12:00дөр чамасында катталган. Көмүрдүн исине ууланган эне 3 кыз, 2 уулу менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы анын 5 жаштагы уулу чарчап калган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.