Нарын облусу боюнча өткөн жылы 1 миң 160 жөлөк пул алуучу аз камсыз үй-бүлөгө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында жардам көрсөтүлдү. Тагыраагы бул үй-бүлөлөрдүн чакан ишкердик кылуу менен жашоо шартын жакшыртып кетүүсү үчүн ар бирине 100 миң сомдон, жалпы 116 миллион сом кайтарымсыз каражат берилди.
Социалдык келишим түзгөндөрдүн 70 пайызы мал чарбачылыгы менен алектенип жатса, 15 пайызы тигүүчүлүк, жыгач устачылык, 8 пайызы кызмат көрсөтүү жана 5 пайызга чукулу соода-сатык менен алектенүүдө.
Ошондой эле Дүйнөлүк Банктын “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чындоо” долбоорунун алкагында 185 аз камсыз үй-бүлөгө 185 миллион сом төлөнүп берилди.
Долбоор Нарын облусунда 2022-жылы башталып, үч жыл аралыгында эки миңдей үй-бүлө мамлекеттен каржылык колдоо алды.