Чүйдөгү Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн өткөн жылы республикалык боюджеттен бөлүнгөн 1 млрд. сомго 13 долбоор аткарылып, 75 млн. сом үнөмдөлгөн. Анын 55,5 млн. сомуна Кытайдан 17 автобус сатылып алынды. Бул туурасында Биринчи радионун түз эфиринде Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов билдирди.
Ал мурда жеке менчикке өтүп кеткен шаардагы автобекет УКМК жардамы менен кайрадан мэриянын балансына кайтарганын белгилеп, быйыл аны толук реконструкциядан өткөрүү пландалып жатканына да токтолду.
Шаарда быйыл март айынын аягында коомдук автобусту жургүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө.