Жаңылыктар
Лейлекте жалпы аянты 0,31 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте жалпы аянты 0,31 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Лейлек районундагы жалпы аянты 0,31 га жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2000-жылы Раззаков шаары, Додосян көчөсү, №77 дарегинде жайгашкан коомдук мончонун имараты жанаша жайгашкан жалпы аянты 0,31 га жер тилкеси менен жеке ишкер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Андан кийин Раззаковдогу коомдук мончонун имараты өз максатына ылайык пайдаланылбай, кийин имарат бузулуп, иштебей калган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча азыркы кожоюн өз ыктыяры менен Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын балансына коомдук мончонун жер тилкесин өткөрүп берди.