Жаңылыктар
Эми интернет аркылуу бирөөнү мазактап, кемсинтсең айып төлөйсүң
Кыргызстан жаңылыктары
Эми интернет аркылуу бирөөнү мазактап, кемсинтсең айып төлөйсүң

Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

 Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

 Мыйзамдын максаты жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат. 

 Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган 1071-берене менен толуктап, бул жосундар үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган. 

 Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.