Жаңылыктар
Баткенде мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке өттү

Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Баткен шаарындагы "Базар-Башы" кварталында жайгашкан, аянты 0,77 га мурда "Баткен-Транс"муниципалдык ишканасына таандык болгон жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысын аныктады.

Натыйжада объектинин ээси Т.А. автоматташтырылган маалыматтык системасынын Маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында аныкталган мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Баткен шаарынын мэриясынын балансына жер тилкесин өткөрүп берди..

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.