Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Алматы шаарына иш сапары менен келди.
Министрлер Кабинетинин башчысы Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына, ошондой эле "Digital Almaty 2025" эл аралык санариптик форумунун пленардык сессиясына катышат.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.