Жаңылыктар
Быйыл туристтик кырк базаны ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл туристтик кырк базаны ишке киргизүү пландалууда

Быйыл өлкө боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди. Иш-чарага тармактык министрликтердин жетекчилери жана туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.

Данияр Амангелдиев туризм экономикалык өсүштүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналаарын белгиледи: "Бул жылы 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалууда. Президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, сунушталган жерлердин жалпы саны 156. Алардын келечегине талдоо жүргүзүү, жергиликтүү коомчулук жана инвесторлор менен зарыл консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга жана коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", - деди Данияр Амангелдиев.

Кеңешменин жүрүшүндө "туристтик базалар" долбоорунун жол картасын иштеп чыгуу талкууланды. Ага ылайык өлкөнүн ар бир районунда бирден туристтик объектти ишке киргизүү сунушталууда.