Жаңылыктар
Депутат: Батирдин ижара акысы 50-60 миңге чейин чыгууда. Ким көзөмөлдөйт?
Кыргызстан жаңылыктары
Депутат: Батирдин ижара акысы 50-60 миңге чейин чыгууда. Ким көзөмөлдөйт?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов Бишкек менен Ош шаарларында батир үчүн ижара акысын көзөмөлгө алууну сунуштады.

Депутат Бишкек менен Ош шаарларында батирлердин ижара акысы кескин кымбаттап кеткенин белгиледи:

«Бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 30-40 миң болсо, эки бөлмөлүү батир 50-60 миңге чейин чыгууда. Мунун баасын көзөмөлгө алуу керек. Ижарага бергендердин дагы бир шарты бар экен, «жаш балалууларга бербейбиз», «бир бөлмөлүү батирди экиден ашык адамга бербейбиз»,  «алдын ала акча бересиңер» деген. Бишкекте бир бөлмөлүү батирге 30 миң сом төлөп жашаш эмне деген нерсе?! Ушул нерсени көзөмөлдөш керек»,- деди депутат.