2024-жылдын 23-декабрынан 24-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча түзөтүү мекемелеринде жана ТИЗОлорунда соттолгондор жана тергөөдөгү айыпкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чарага ЖАКтын борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтары тартылды:
- ыкчам-режимдик башкармалыгы;
- тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгы;
- өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу башкармалыгы.
Ыкчам-профилактикалык иштердин жүрүшүндө соттолгондорго жана айыпталуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү, ошондой эле ЖАК тарабынан мекемелерге стационардык жана уюлдук аппараттар орнотула тургандыгы, туугандары, адвокаттары ж.б. менен телефон аркылуу сүйлөшүү камакта кармоонун режимине жана шарттарына жараша байланышаарын билдиришти. Ошону менен бирге атайын контингентке кармоо режимин бузуу жана мекемелерде мыйзамды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликтери эскертилди.
Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтында ЖАКтын мекемелериндеги атайын контингент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуп, тыюу салынган буюмдарды жана ар түркүн мыйзамсыз жолдор менен буга чейин пайдаланып келген 685 даана уюлдук телефондорду өз ыктыяры менен өткөрүп беришти.
Түзөтүү мекемелеринин администрация кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга атайын контингент тарабынан тоскоолдук кылуу аракеттеринин токтотуу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү улантылууда.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттолгондор жана айыпталуучулар үй-бүлөсү жана жакындары менен жылына 5тен 14кө чейин телефон аркылуу сүйлөшүүгө укуктуу. Ошондой эле, сыйлоо чарасы катары алар кошумча телефон сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.