Жаңылыктар
Эртең айрым аймактарда кар жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең айрым аймактарда кар жаайт

17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында кар, жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз 1…3 градус болот.