Нарын облусунда ВИЧ илдетинин биринчи учуру 2005-жылы табылган. Андан бери бул оору менен 297 бейтап катталып, 76сы каза болгон. Ал эми ушул жылдын 1-декабрына карата жаңы 26 учур табылган. Бул тууралуу Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору Айнагүл Бектурсунова билдирди.
Анын айтымында, 2005-жылдан бери катталган учурлардын 46сы бангизатын колдонгондор арасынан табылса, жыныстык жол аркылуу 234 адам жуктуруп алган. Ал эми 13 бейтаптын жугуу жолдору белгисиз болсо, беш учуру балдардын арасында катталган. Ооруну алып жүргөндөрдүн 65 пайызы эркектер, 35 пайызы аялдар жана 30-45 жашка чейинкилер арасында көп катталууда. Быйыл 1-декабрга карата 26 учур жаңы аныкталды.
“Оору өсүш берип жатат дегенден алыспыз. Себеби, ооруну табуунун үстүндө жыл бою иш алып барылууда. Акыркы жылдары жаңы табылгандардын арасынан 40-45 пайызы оорунун акыркы стадиясында табылып, дарыгерлер жардам бере албай калган учурлар көп болууда. Андыктан ооруну эрте аныктоо үчүн облустук, райондук ооруканалардын бардыгына капиллярдык кан аркылуу экспресс тестирлөө ыкмасы киргизилди. Анда ооруканага кайрылган бейтаптардын арасынан клиникалык көрсөткүчү барларга экспресс изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы 20 мүнөттө чыгарылат. Кош бойлуулар жана алардын өнөктөштөрү арасында көп табылып жаткандыктан, боюнда бар аялдар эки жолу ВИЧке текшерилип жатат. Ошондой эле илдетти алдын алуу, эрте табуу максатында шилекей аркылуу да экспресс тестирлөө жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары көчмө мобилдик клиника менен дарыгерлер май айынан бери облустун бардык райондорунда болуп, жалпы 5 миң 914 адамга профилактикалык кароо жана экспресс тест жүргүзгөн. Анын ичинен 4 адамдан ВИЧ, 154 адамдан вирустук гепатит, 46 адамдан сифилис оорусу аныкталып, тиешелүү дарыгерлерге жиберилген”,-деди Айнагүл Бектурсунова.
1-декабрь - Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата ооруну алдын алуу, оорудан сактануу үчүн калк арасында санитардык агартуу иштерин жүргүзүү, ВИЧ инфекциясы менен ооруган адамдарды басмырлоону азайтуу максатында бир айлык акция жарыяланып, бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Облустук, райондук китепканаларда, мекеме-ишканаларда маалымат бурчтары уюштурулуп, жогорку, орто окуу жайларда жана мектептердин жогорку класстагы окуучулары арасында дил баян, эссе жазуу боюнча сынактар өткөрүлдү.