Жаңылыктар
“Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
“Айкөл Манас” алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

Улуттукбанк бүгүндөн тарта 200 сом номиналындагы “Айкөл Манас” алтын коллекциялыкмонетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Металлдынсапат белгиси — Au 999, салмагы — 15,55 грамм. Монета 1000 нускадачыгарылган. 

Алдыңкыбетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манасбаатырдын образы чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде кыргыз жоокерлеринсимволдоштурган улуттук орнаменттер, мамлекеттик герб түшүрүлгөн.

Коллекциялык монетанын максаты— кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгын жайылтуу, маданий мурасын сактоо.

Каалагандараны башкы банктын кассасынан же  www.numizmat.nbkr.kg сайтынан 123 400сомго сатып алса болот.