Жаңылыктар
Жумгалда 70 млн сомго курулган ИИБдин жаңы имараты пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда 70 млн сомго курулган ИИБдин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди.

Мекеменин ачылышына Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, облустук мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.

Анда министр Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, ички иштер органдарына түзүлгөн мындай шарттар  жергиликтүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртаарын, ишти сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып, бул коомдук коопсуздукту камсыздоодо жаңы этаптын башталышы экенин баса белгиледи. Ошондой эле райондук бөлүмгө тиешелүү жер тилкесине кызматкерлер үчүн үй куруу боюнча тиешелүү документтерин даярдоого тапшырма берип, келерки жылы бул багыттар аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.

Республикалык бюджеттин эсебинен 70 миллион сомго салынган имарат эки кабаттан туруп, ичи санариптештирилип жаңы техникалар менен жабдылып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Алсак, жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү  боюнча бардык бөлүмдөргө өз-өзүнчө иш бөлмөлөр каралган. Мындай шарт коомдук тартипти камсыздоону эффективдүү жүргүзүүгө өбөлгө болот.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгыны имараты реконструкциядан өтүп жатса, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө дагы жаңы имарат салынууда. Ал эми Кочкор, Ат-Башы райондорунда милициянын жаңы бөлүмчөсүнүн имараттарынун курулушу бүтүү алдында турат.