Жаңылыктар
Таласта кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жөө жүрүш өттү (фото баян)
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жөө жүрүш өттү (фото баян)

Бүгүн Таласта шаардык ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен шаардын борбордук көчөлөрүндө кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, алардын алдын алуу боюнча түзүлгөн 2 айлык иш-мерчемдин, “Зомбулуксуз 16 күн” жана 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Биз зомбулукка каршыбыз” аталыштарындагы жөө жүрүү акциясы уюштурулду.

Ага Талас ШИИБдин башчысы Маратбек Шайбеков баштаган кызматкерлер, шаар бийлигинин, облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери, райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери, Талас агрардык-экономикалык, Талас медициналык колледждеринин студенттери, №90 кесиптик лицейдин окуучулары, “Кызыл-Ай” коомунун ыктыярчылары катышты.

Жөө жүрүштүн негизги максаты - өспүрүмдөр арасында гендердик зомбулуктун, эрте никеге туруунун, ар кандай кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу.

Иш-чара Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинин алдында жыйынтыкталып, катышуучулар тарабынан позитивдүү флешмоб аткарылды.