Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 30-ноябрда жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүп, зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл кылаасынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° …+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° чейин жылуу болушу күтүлөт.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11° чейин суук аба ырайы күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.