Жаңылыктар
Бишкекте оор атлетика боюнча XXXVI Эл аралык мелдеши башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте оор атлетика боюнча XXXVI Эл аралык мелдеши башталды

Бишкекте оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиев атындагы XXXVI Эл аралык мелдеши башталды.


Бүгүн, 25-ноябрь күнү “Газпром” спорт комплексинде оор атлетика боюнча Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 71 жылдык мааракесине арналган XXXVI Эл аралык мелдеш башталды.


Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Дене тарбия жана спорт департаментинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян, Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, федерациясы өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.


Мелдешке Кыргызстан , Казакстан жана Өзбекстандан келген 140 дөн ашык спортчу катышууда.


Катышуучулар төмөнкү салмак категеорияларында куч сынашууда:

Эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;

Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.114:23