Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге багытталган жашыруун кат жазган жаран кармалганын бүгүн УКМКдан кабарлашты. Маалыматка караганда, жашыруун катка байланыштуу Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасына ылайык – УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топ түзүлгөн.
Текшерүүнүн алкагында, чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон кыргыз жараны «Ж.А.С.» аныкталды. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып «Ж.А.С.» КРнын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан «Ж.А.С.» жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө «Ж.А.С.» узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Алсак, «Ж.А.С.» коркутуу максатында генерал-полковник К. К. Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.
Белгилей кетсек, «Ж.А.С.» өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок «Б. М. М.» аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. «Ж.А.С.» кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди.
Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө «Ж.А.С.» тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат.
КР УКМК – улуттук коопсуздук органдары коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөштү улантарын, ал эми мындай фактыларга өлкө мыйзамдарынын алкагында катуу тыюу салынарын эскертет.